30.04.2021 №178 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак жана Боо-Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак жана Боо-Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак жана Боо-Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак жана Боо-Терек кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас облусунун Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын  2021-жылдын 15-апрелиндеги Миң-Булак жана Боо-Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

   ТӨРАГА                                                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 30-апрели

№ 178