10.06.2021 № 388 2021-жылы 3, 4-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жаңы-Жол, Ничке-Сай жана Үч-Терек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүнд

2021-жылы 3, 4-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жаңы-Жол, Ничке-Сай жана Үч-Терек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 3, 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын                         19-майындагы № 222 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун  Токтогул районунун Жаңы-Жол, Ничке-Сай жана Үч-Терек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Тулекеев Болсунбек Таштемирович, Асанбеков Нуржигит Абдилатович, Сартов Алмаз Анарбекович, Тойгонбаев Эркинбек Абасканович катталган. Талапкерлер Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июнундагы протоколу менен Жаңы-Жол айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, Б. Тулекеевге – 4 добуш, Н. Асанбековго – 2 добуш,  А. Сартовго – 2 добуш,  Э. Тойгонбаевге – 13 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 3-июнундагы протоколу менен Тойгонбаев Эркинбек Абасканович Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Өскөнбаев Кубанычбек Жаныбекович, Бекмуратов Санжарбек Курманбекович катталган. Талапкерлер Ничке-Сай айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Ничке-Сай айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, К. Өскөнбаевге– 7 добуш, С. Бекмуратовго – 4 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Өскөнбаев Кубанычбек Жаныбекович Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Чолпонкулов Муратбек Медербекович, Сулайманов Өсөрбек Кошалиевич, Байсабаев Асылбек Бараталиевич катталган. Талапкерлер Үч-Терек айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Үч-Терек айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, М. Чолпонкуловго –                   5 добуш, Ө. Сулаймановго – 2 добуш,  А. Байсабаевге – 13 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Байсабаев Асылбек Бараталиевич Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жаңы-Жол, Ничке-Сай жана Үч-Терек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 3, 4-июнундагы Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын Жаңы-Жол, Ничке-Сай жана Үч-Терек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                    29-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 3-июнунда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жаңы-Жол жана 2021-жылы 4-июнунда Ничке-Сай, Үч-Терек өткөрүлгөн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын              2021-жылдын 3, 4-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жаңы-Жол, Ничке-Сай жана Үч-Терек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Тойгонбаев Эркинбек Абасканович Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Өскөнбаев Кубанычбек Жаныбекович Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Байсабаев Асылбек Бараталиевич Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Жаңы-Жол,     Ничке-Сай жана Үч-Терек айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Эшимовго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                                 

Бишкек ш., 2021-жылдын 10-июну

№ 388