№111 Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 11-майындагы №93 токтому менен 2018-жылдын 25-майына дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү. 
Кочкор аймактык шайлоо комиссисынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдоруна ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу 2018-жылдын 25-майындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана шайлоонун 2018-жылдын 28-майындагы натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 
1.1. Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп  Молдогазиев Максатбек Аманкулович  табылсын.
2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 1- июну
№ 111