2012-жылдын 6-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 5-мартындагы ПЖ № 57 Жарлыгы менен дайындалган Өзгөн районунун Алтын-Булак айылдык кеңешинин, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештеринин, Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Шайлоолорду өткөрүү үчүн “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 17 көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлгөн.
Айылдык кеңештердин депутаттыгына 230 талапкер көрсөтүлгөн, алардын ичинен 230 талапкер катталган. Каттоодон өткөндөрдүн ичинен: 114 талапкерди саясий партиялар, 4 талапкерди шайлоочулардын топтору көрсөткөн, 112си өзүн өзү көрсөткөндөр.
Добуш берүүгө 16 364 шайлоочу катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 58% түзөт.
Шайлоолордун жыйынтыктары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдоруна ылайык айылдык кеңештердин депутаттары болуп 64 талапкер шайланган.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн протоколдордун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн
2,24-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин
4-бөлүгүнө, 40-беренесинин 4-бөлүгүнө, 62-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн районунун Алтын-Булак, айылдык кеңешинин, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештеринин, Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болду деп таанылсын.
2. Өзгөн, Араван, Жумгал аймактык щайлоо комиссияларынын добуш берүүнүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана Өзгөн районунун Алтын-Булак айылдык кеңешинин, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештеринин, Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылдык кеңешинин шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин.
3. Айылдык кеңештердин депутаттыгына төмөнкү талапкерлер айылдык кеңештердин шайланган депутаттары деп эсептелсин (тизмеси тиркелет).
Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 25-майы
№ 74
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2012-жылдын 25-майынын
№ 74 токтомуна
Тиркеме
Айылдык кеңештердин депутаттарынын тизмеси
Жумгал району
Чоң-Дөбө айылдык кеңеши
- Аманов Кубанычбек Султанович
- Аманов Эрнисбек Султанович
- Дооронбеков Кубанычбек Баатырканович
- Калдашов Тунжурбек Мамбеткалиевич
- Кыязов Изатбек Мелисбекович
- Рыспаева Бурмакул Жумакадыровна
- Сыдыгалиев Рахатбек Рысбекович
- Сыдыгалиева Эрке Рысбековна
- Таштаналиев Улан Турумбекович
- Термечиков Беделбек Арыкбаевич
- Ширинбек уулу Аскербек
Өзгөн району
Алтын-Булак айылдык кенеши
- Абжапаров Бактыбек Дуйшоевич
- Байзаков Абдижалил Бекмаматович
- Бакеев Долотбай Толонбаевич
- Кадыров Абдимамат Ашимович
- Касымалиев Мелисбек Аскарбекович
- Келдибаев Садамбай Джолдошбаевич
- Саипов Сали Казыбаевич
- Токтомуратов Мамасадык
- Толомушова Света Кабылбековна
- Умоталиева Гулнур Торобаевна
- Шакеева Ирсалат Жолдошевна
Араван району
Нурабад айылдык кеңеши
- Абдимуминов Келдибек
- Алимкулов Абдугани Мавлонкулович
- Атаханов Абдирахмонжон Рузиматович
- Ахмадалиев Гайрат Мухтарович
- Байбабаев Улугбек Жораевич
- Байбабаев Шавкат Жураевич
- Ботиров Адылжон Хамдамович
- Игамназаров Абдурашит Вахабжонович
- Иманкулов Искандарбек Абдимуминжонович
- Исакова Шахнозахон Муродиловна
- Киргизбаев Музафаржон Кенжаевич
- Мавланкулова Хавахон
- Мамасаидов Кучкар Нишанбаевич
- Мирзакаримов Алишержон
- Нурматов Мухиддин Шермахамадович
- Темиров Аскарали Караевич
- Урманов Улугбек Розибаевич
- Холикова Полатхон Идрисовна
- Шамшидинов Илгорбек Тухтамуротович
- Шамшидинов Учкунбек Тухтамуродович
- Юсупов Аброрбек Мухтаржанович
Тепе-Коргон айылдык кеңеши
- Абакулов Атабек Муйдинжанович
- Абдиганиев Абдикаар
- Абдикахаров Шайрбек Маликович
- Абдирахманов Шакиржон Арибжанович
- Абдуллаев Азизилло Акбарович
- Айбашов Хусанбай Суранович
- Акбаров Ахаджан Тургунбаевич
- Алибаев Абдырахман
- Алимжанов Бахтияржан Нуманжанович
- Арзибеков Бахадиржан Гуламович
- Арзиева Матлубахон Моминжановна
- Ахмедов Мухиддин Хакимович
- Аширов Розиохун Турдиахунович
- Валиханов Абыт Валиханович
- Ганиев Алижан
- Джураева Манзура Мухтаровна
- Кадиров Ульмасбек Ашурбекович
- Касимова Жаннатхон Турсиновна
- Кульматов Авдилхашим Токторович
- Сатвалдиев Абдижалил Худайбердиевич
- Хожибоев Акмалжон Анваржонович