15.06.2021 № 459 2021-жылы 8 жана 9-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун  Дөң-Булак, Ак-Жар, Салам-Алик жана Көлдүк айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнү

2021-жылы 8 жана 9-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун  Дөң-Булак, Ак-Жар, Салам-Алик жана Көлдүк айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 8 жана 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын  19-майындагы № 228 жана 2021-жылдын 25-майындагы № 297 токтомдору менен дайындалган Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак, Ак-Жар, Салам-Алик жана Көлдүк айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Болбуров Өзгөнбай Ахмеджанович, Ибрагимова Курманжан, Султанов Эркин Режапович катталган. Талапкерлер Дөң-Булак айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Дөң-Булак айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, Ө.А. Болбуров – 0 добуш, К. Ибрагимова – 6 добуш, Э.Р. Султанов – 13 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 2 добуш берилгендиги белгиленген.

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Султанов Эркин Режапович Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Абдукаримова Арууке, Бусурманкулов Кубан Дастанович, Дуйшембиева Мейликан Абдибаитовна, Максутов Кылычбек Замирович катталган. Талапкерлер Ак-Жар айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Ак-Жар айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, А. Абдукаримова - 2 добуш,   К.Д. Бусурманкулов – 1 добуш, М.А. Дуйшембиева – 5 добуш, К. З. Максутов – 13 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

         Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Максутов Кылычбек Замирович Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Абдыразаков Талант Кимсанович, Сатыбалдыев Равшанбек Раимбекович катталган. Талапкерлер Салам-Алик айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Салам-Алик айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, Т.К. Абдыразаков – 0 добуш,  Р.Р. Сатыбалдыев – 19 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 2 добуш берилгендиги белгиленген.

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Сатыбалдыев Равшанбек Раимбекович Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Көлдүк айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Курманкулов Райимберди Аалыевич катталган. Талапкер Көлдүк айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Көлдүк айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, Р.А. Курманкулов – 9 добуш,  «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 2 добуш берилгендиги белгиленген.

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Курманкулов Райимберди Аалыевич Көлдүк айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак, Ак-Жар, Салам-Алик жана Көлдүк айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 8 жана 9-июнундагы Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын Дөң-Булак, Ак-Жар, Салам-Алик жана Көлдүк айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7,                        18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак, Ак-Жар жана 2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Салам-Алик, Көлдүк айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8 жана 9-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ош облусунун Өзгөн районунун Дөң-Булак, Ак-Жар, Салам-Алик жана Көлдүк айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Султанов Эркин Режапович Ош облусунун Өзгөн районунун    Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Максутов Кылычбек Замирович Ош облусунун Өзгөн районунун  Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Сатыбалдыев Равшанбек Раимбекович Ош облусунун Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.5. Курманкулова Райимберди Аалыевич Ош облусунун Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Дөң-Булак, Ак-Жар, Салам-Алик жана Көлдүк айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                       

Бишкек ш., 2021-жылдын 15-июну

№ 459