Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-майындагы № 95 токтому менен 2016-жылдын 20, 25-майына дайындалган Нарын облусунун Нарын районунун Орток айыл өкмөтүнүн башчысынын кайра шайлоо; Ош, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарларынын мэрлерин жана Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл – Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын өткөрүлгөн шайлоо боюнча Нарын, Ош, Майлуу-Суу, Балыкчы жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 20, 25-майында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3. Тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп табылсын (тиркелет).
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары М.И. Аргымбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2016-жылдын 1 - июну
№ 104
Кыргыз Республикасынын Шайлоо
жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2016-жылдын 1 – июнундагы № 104
токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган
башчыларынын тизмеси
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын шайланган башчысынын Ф.А.Ж. |
Шайлоо өткөрүлгөн күнү |
|
|
Нарын облусу Нарын району |
||||
|
1 |
Орток |
Сенирбаев Алтынбек Жыргалбаевич |
2016-жылдын 20-майы |
|
|
Ош шаары |
||||
|
2 |
Ош шаары |
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич |
2016-жылдын 25 -майы |
|
|
Жалал-Абад облусу |
||||
|
3 |
Майлуу-Суу шаары |
Маматов Нурадил Аманбаевич |
2016-жылдын 25-майы |
|
|
Ысык-Көл облусу |
||||
|
4 |
Балыкчы шаары |
Мамбетов Алмаз Ишенбекович |
2016-жылдын 25-майы |
|
|
Ош облусу Өзгөн району |
||||
|
5 |
Кызыл-Октябрь |
Пасаңов Эржигит Жетимишович |
2016-жылдын 25-майы |
|