“Ар-Намыс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Талиева Камила Абдыразаковнанын ыйгарымдары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 25-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин
3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Ар-Намыс” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси боюнча Тиленчиева Майрамкүл Бекчороевна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.
- “Ар-Намыс” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган Тиленчиева Майрамкүл Бекчороевнага күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белги берилсин.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 25-сентябры
№ 101