«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 16-мартындагы ПЖ № 36 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кезектеги шайлоону даярдоону уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2015-жылдын 17-майына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кезектеги шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календарлык планы бекитилсин (тиркелет).
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН
ОРУН БАСАРЫ А. ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 2015-жылдын 20-марты
№ 23
2015-жылдын 20-мартында жарыяланды
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2015-жылдын 20-марты
№ 23 токтому менен
бекитилген
2015-жылдын 17-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын
КАЛЕНДАРЛЫК ПЛАНЫ
Шайлоо күнү – жекшемби
2015-жылдын 17-майы
|
№ |
Иш-чаралардын мазмуну |
Аткаруу мөөнөттөрү |
Аткаруу үчүн жооптуулар |
|
Шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү |
|||
|
1. |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарын түзүү |
Добуш берүү күнүнө чейин 50 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 28-мартына чейин) |
Аймактык шайлоо комиссиясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен («Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы) - (мындан ары – Мыйзам) 10-берене, 4-бөлүк) |
|
2. |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү |
Добуш берүү күнүнө чейин 50 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 28-мартына чейин) |
Аймактык шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК аппаратынын уюштуруу бөлүмү) (Мыйзам, 10-берене, 5-бөлүк) |
|
3. |
Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын ЖМКга жарыялоо |
Алар бекитилген күндөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 2-апрелине чейин) |
МС жана ЭК бөлүмү (КР БШКнын басма сөз кызматы) (Мыйзам, 10-берене, 6-бөлүк) |
|
4. |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларын түзүү |
Добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 2-апрелине чейин) |
Аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам 11-берене, 2, 3-бөлүктөр) |
|
5. |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү |
Добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 2-апрелине чейин) |
Аймактык шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (БШКнын аппаратынын уюштуруу бөлүмү) (Мыйзам, 11-берене, 3-бөлүк) |
|
6. |
Шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын ЖМКга жарыялоо |
Алар бекитилген күндөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 7-апрелине чейин) |
ОИП жана МС (КР БШКнын басма сөз кызматы) (Мыйзам, 11-берене, 3-бөлүк) |
|
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу |
|||
|
7. |
Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн окутуучу тренингдерди өткөрүү |
Өзүнчө план жана график боюнча |
Окутуу жана шайлоо технологиялары борбору, Шайлоо технологиялары борбору |
|
Шайлоочулардын тизмелери менен иштөө |
|||
|
8. |
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык түзүлгөн шайлоочулардын негизги тизмесинен «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын 3-беренесинин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды чыгарып салуу |
Добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 14-майына чейин) |
Аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам, 12-берене, 3, 7-бөлүктөр) |
|
9. |
Шайлоочулардын тизмелерин басып (2 нускада) чыгаруу жана участкалык шайлоо комиссияларына бир нускадан берүү (тизмелерге аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары кол коет жана мөөрү менен бекитилет) |
Добуш берүү күнүнө чейин 40 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 7-апрелине чейин) |
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары, системалык администраторлор, атайын өкүлдөр (Мыйзам, 12-берене, 4-бөлүк) |
|
10. |
Аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берилген шайлоочулардын тизмелери бир эле убакта Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан облустар боюнча жалпыланат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат |
Добуш берүү күнүнө чейин 40 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 7-апрелине чейин) |
Борбордук шайлоо комиссиясы (Мыйзам, 12-берене, 9-бөлүк) |
|
11. |
Шайлоочуларга тааныштыруу үчүн шайлоочулардын тизмелерин илүү
|
Добуш берүү күнүнө чейин 40 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 7-апрелине чейин) |
Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 13-берене, 1-бөлүк) |
|
12. |
Кабарлоолорду, 1-форманын жана 3-форманын бланктарын жана шайлоочулардын акыркы тизмесин басып чыгаруу үчүн атайын кагазды даярдоо жана жеткирүү |
(2015-жылдын 17-апрелине чейин) |
Борбордук шайлоо комиссиясы |
|
13. |
Шайлоочулардын тизмесинде турган шайлоочуга ал шайлоочулардын тизмесинде бар экендиги жөнүндө кабарлоону жөнөтүү |
Добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 17-апрелине чейин) |
Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 13-берене, 2-бөлүк) |
|
14. |
Шайлоочулардын тизмесине киргизүү (1-форма) жана жекече маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү (3-форма) жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу жана иштеп чыгуу |
Добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 7-майына чейин) |
Участкалык шайлоо комиссиялары, аймактык шайлоо комиссиялары, атайын өкүлдөр, системалык администраторлор |
|
15. |
Шайлоочулардын биротоло тизмесин түзүү |
Добуш берүү күнүнө чейин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 10-майына чейин) |
Аймактык шайлоо комиссиясы, атайын өкүлдөр, системалык администраторлор (Мыйзам, 13-берене, 5-бөлүк) |
|
16. |
Номер коюлган, көктөлгөн жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын биротоло тизмесин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү (шайлоочулардын тизмелерин сөзсүз түрдө атайын кагазга басып чыгаруу) |
Добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 14-майына чейин)
|
Аймактык шайлоо комиссиясы, атайын өкүлдөр, системалык администраторлор (Мыйзам, 13-берене, 5-бөлүк) |
|
Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо |
|||
|
17. |
Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү
|
Шайлоо дайындалган күндөн тартып жана шайлоо күнүнө чейин 30 календарлык күн калганда аяктайт (2015-жылдын 16-апрелине саат 24.00гө чейин) |
Саясий партиялар, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган шайлоочулардын топтору жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандар (Мыйзам, 49-берене, 1-,2-бөлүктөрү) |
|
18. |
Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн зарыл шайлоо документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү |
Добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 16-апрель саат 24.00гө чейин) |
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (Мыйзам, 60-берене, 1-бөлүк) |
|
19. |
Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамдын талаптарына шайкештигин текшерүү |
Документ кабыл алынган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде |
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 60-берене, 3-бөлүк) |
|
20. |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо |
Добуш берүү күнүнө чейин 20 календарлык күн калганда аяктайт (2015-жылдын 26-апрель саат 18.00гө чейин) |
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 60-берене, 7-бөлүк) |
|
21. |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлерге тиешелүү күбөлүктөрдү берүү |
Талапкерлер катталгандан кийин 2 календарлык күндүн ичинде |
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 60-берене, 9-бөлүк) |
|
22. |
Фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлер жөнүндө маалыматты басма сөзгө жарыялоо |
Каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календарлык күндүн ичинде |
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 60-берене, 8-бөлүк) |
|
23. |
Талапкерлердин шайлоого катышуудан баш тартуусу |
Добуш берүү күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 14-майына чейин) |
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 44-берене) |
|
24. |
Ишенимдүү адамдардын, өкүлдөрүнүн, талапкердин, саясий партиянын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же каттоодон жүйөөлүү баш тартуу |
Тиешелүү документтер келип түшкөн күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде |
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 18-берене, 2-бөлүк, 19-берене, 21-берене, 3-бөлүк) |
|
Шайлоо алдындагы үгүт |
|||
|
25. |
Маалыматтык камсыз кылуу, шайлоочуларга маалымдоо
|
|
Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык юридикалык жана жеке жактар ОИП жана МС (КР БШКнын басма сөз кызматы (Мыйзам, 22-берене, 1, 2-бөлүктөр) |
|
26. |
Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү |
Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып (2015-жылдын 27-апрелинен) башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат |
Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору (Мыйзам, 23-берене, 1-бөлүк) |
|
27. |
Чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, ачык дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштуруу, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылуу |
Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин
|
Аймактык шайлоо комиссиялары мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте (Мыйзам, 26-берене, 1-бөлүк) |
|
28. |
Ар бир шайлоо участкасынын аймагында басылма үгүт материалдарын илүү үчүн атайын жерлерди бөлүү жана жасалгалоо |
Шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (Мыйзам, 27-берене, 3-бөлүк) |
|
Шайлоону каржылоо |
|||
|
29. |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын карап чыгуу жана бекитүү |
Шайлоо дайындалгандан кийин |
Борбордук шайлоо комиссиясы (финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы) |
|
30. |
Шайлоо фондун түзүү |
Жарандар, аларды талапкер катары көрсөткөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтерди берүүгө чейин шайлоо алдындагы үгүттү каржылоо үчүн өз шайлоо фондуларын түзө алат |
Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер (Мыйзам, 61-берене, 1-бөлүк) |
|
31. |
Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фондуларындагы каражаттарды түзүү жана чыгымдоо тартибине контролдук кылуу |
Шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып |
Аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 16-берене, 1-бөлүк)
|
|
32. |
Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына контролдук кылуу |
|
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Контролдук-текшерүү тобу, 7ден ашпаган адамдан турат (Мыйзам, 16-берене, 2-бөлүк) |
|
33. |
Шайлоо фондунун өлчөмдөрү жана аны түзүү булактары жөнүндө, ошондой эле каражаттарды чыгымдоо жөнүндө отчетторду тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү |
Шайлоодон кийин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 28-майга чейин) |
Талапкерлер, саясий партиялар (Мыйзам, 15-берене, 19-бөлүк) Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Контролдук-текшерүү тобу, 7ден ашпаган адамдан турат (Мыйзам, 16-берене, 2-бөлүк) |
|
Шайлоо бюллетендерин даярдоо тартиби жана участкалык шайлоо комиссияларына берүү |
|||
|
34. |
Шайлоо бюллетенинин текстин бекитүү |
Добуш берүү күнүнө чейин 20 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 27-апрелине чейин) |
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 30-берене, 3-бөлүк) |
|
35. |
Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө ЖМК аркылуу же башкача ыкма менен кабарлоо |
Добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен (бүткүл мезгилдин ичинде) (2015-жылдын 7-майына чейин) |
Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 31-берене, 1-бөлүк) |
|
36. |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин жасоо |
Добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 7-майына чейин) |
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү) (Мыйзам, 30-берене, 8-бөлүк) |
|
37. |
Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү |
Добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күн калганда (2015-жылдын 7-майына чейин) |
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү) (Мыйзам, 30-берене, 13-бөлүк) |
|
38. |
Участкалык шайлоо комиссияларын шайлоо бюллетендери менен камсыз кылуу |
Добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күн калганда |
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 30-берене, 13-бөлүк) |
|
Добуш берүү жана натыйжаларды аныктоо |
|||
|
39. |
Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү өткөрүү |
Добуш берүү күнүнө чейин 9-2 календарлык күн калганда (2015-жылдын 8-майынан 15-майына чейин) |
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 32-берене, 1-бөлүк) |
|
40. |
Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнү өткөрүү |
Добуш берүү күнүнө чейин бир календарлык күн калганда |
Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 33-берене, 2-бөлүк) |
|
41. |
Добуш берүүнү өткөрүү |
2015-жылдын 17-майы саат 8.00дөн 19.00гө чейин |
Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 31-берене) |
|
42. |
Шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду түзүү |
Добуш берүү аяктагандан кийин дароо башталат (жыйынтыктар белгиленгенге чейин тынымсыз жүргүзүлөт) |
Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 36-берене) |
|
43. |
Тиешелүү шайлоо документациялары бар добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүү |
Протоколго кол коюлгандан кийин тез арада |
Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 37-берене, 1-бөлүк) |
|
44. |
Округдун аймагында шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен бирдикте Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүү |
Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун алгандан кийин тез арада жана добуш берүү күнүнөн тартып 20 календарлык күндөн кечиктирбестен (2015-жылдын 6-июнуна чейин) |
Аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 37-берененин 1, 4-бөлүктөрү, 38-берене) |
|
45. |
Шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо |
Шайлоонун натыйжаларын аныктаган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде |
ОИП жана МС (КР БШКнын басма сөз кызматы) (Мыйзам, 40-берене, 4-бөлүк) |
|
46. |
Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусуна шайкеш келбеген ыйгарым укуктарды өзүнөн алып салуу жөнүндө арыздын көчүрмөсүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү |
Шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин, 3 күндүк мөөнөттө |
Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайланган талапкер (Мыйзам, 51-берене, 1-бөлүк) |
|
47. |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берүү |
Шайлоонун натыйжаларын аныктагандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусуна шайкеш келбеген ыйгарым укуктарды өзүнөн алып салуу жөнүндө арызды алгандан кийин, 3 күндүк мөөнөттө |
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 51-берене, 2-бөлүк) |