29.04.2021 №167 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков, Багыш, Барпы, Кара-Алма, Кара-Дарыя, Курманбек, Кыз-Көл, Кызыл-Туу, Ленин, Сузак, Таш-Булак жана Ырыс айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжайла

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков, Багыш, Барпы, Кара-Алма, Кара-Дарыя, Курманбек, Кыз-Көл, Кызыл-Туу, Ленин, Сузак, Таш-Булак жана Ырыс айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжайлары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков, Багыш, Барпы, Кара-Алма, Кара-Дарыя, Курманбек, Кыз-Көл, Кызыл-Туу, Ленин, Сузак, Таш-Булак жана Ырыс айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Сузак аймактык шайлоо комиссиясына 2, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 3 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-апрелиндеги:

- С.Атабеков айылдык кеңешинин;

- Багыш айылдык кеңешинин;

- Барпы айылдык кеңешинин;

- Кара-Алма айылдык кеңешинин;

- Кара-Дарыя айылдык кеңешинин;

- Курманбек айылдык кеңешинин;

- Кыз-Көл айылдык кеңешинин;

- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин;

- Ленин айылдык кеңешинин;

- Сузак айылдык кеңешинин;

- Таш-Булак айылдык кеңешинин;

- Ырыс айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Сузак аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Сузак аймактык шайлоо комиссиясы шайланган депутаттарды 3 күндүк мөөнөттө каттасын жана аларга ырастамаларды жана белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

 ТӨРАГА                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 29-апрели

№ 167