Ош шаарынын шайлоо участкаларынан келип түшкөн шайлоо документтерин текшерүүнүн натыйжасы боюнча №№ 5301, 5558 шайлоо участкаларынын шайлоочулардын негизги тизмесинен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалоо мамлекеттик борборунун адистеринин корутундусунда (Адистердин корутундусу - №1 – 2623/01) тастыкталган, негизги тизмеде шайлоочулардын жасалма колтамгалары бир же ошол эле адамдар тарабынан коюлгандыгын көрсөткөн, “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кодекстин 40-беренесинин 2, 4-пункттарын одоно бузуулар табылган.
“Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кодексти жогоруда көрсөтүлгөн бузуулар № 5301 жана № 5558 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарынын ишенимдүүлүгүн аныктоого мүмкүнчүлүк бербегендигине байланыштуу, “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кодекстин 46-беренесинин 4 жана 5-пунктарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ош шаарынын № 5301 жана № 5558 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылсын.
2. Ушул токтом колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, бузууларга жол берген адамдарга карата тийиштүү чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү К.С. Сооронкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 30-октябры
№326