05.01.2021 №11 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тольбаев Бабыржан Латихановичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Тольбаев Бабыржан Латихановичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө 2021-жылдын 5-январындагы кириш №01-12/45 түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Махмутов Азамат Усупович Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тольбаев Бабыржан Латихановичтин ишенимдүү адамы болуп катталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тольбаев Бабыржан Латихановичтин ишенимдүү адамына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерден документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А.Ж. Эшимовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 5-январы
№ 11