Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-ноябрындагы № 163 токтому менен Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 21-ноябрына дайындалган. Вулянчин Гадир Джумазович Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясына (ындан ары-Ысык-Ата АШК) аны Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат орунуна талапкер катары каттоо үчүн арызын жана тийиштүү документтерин тапшырган.
Ысык-Ата АШКсы Г.Д. Вулянчиндин соттуулугу бар болгодуктан аны талапкер катары каттоодон баш тарткан. Ысык-Ата райондук соту
Г.Д. Вулянчиндин доо арызынын негизинде, Ысык-Ата АШКнын аны талапкер катары каттоодон баш тартуу тууралуу чечимин жокко чыгарган жана Ысык–Ата АШКны
Г.Д. Вулянчинди шайлануучу Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат орунуна талапкер катары каттоону милдеттендирген.
2013-жылдын 21-ноябрында өткөн Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо Г.Д. Вулянчин айыл өкмөт башчысы болуп шайланган, бирок Ысык-Ата АШК берген аппеляциялык даттануусунун негизинде, Жогорку Соттун 2013-жылдын 4-декабрындагы № 5-2213/13 ГД чечими менен Ысык-Ата райондук соттун чечими жокко чыгарылган.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Вулянчин Гадир Джумазовичти Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат орунуна талапкер катары каттоо жөнүндө 2013-жылдын 20-ноябрындагы № 9 чечими жокко чыгарылсын.
2. 2013-жылдын 21-ноябрында өткөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жараксыз деп табылсын.
3. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2014-жылдын 7-февралына дайындалсын.
- 4. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 20-январы
№ 11