09.02.2021 №36 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө» Жобого ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 153 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө»
Жобого ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы№ 153 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө» жобого тѳмѳнкүдѳй ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин:
1) Жобонун бүткүл тексти боюнча «шайлоо комиссияларында» деген сѳздѳр «шайлоо комиссиясында» деген сѳздѳргѳ алмаштырылсын;
2) 2.4. пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«2.4. Төмөнкүлөр шайлоо комиссиясында өкүл болууга укуксуз:
- Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттары;
- Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер;
- саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар;
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар;
- шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү;
- судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери;
-диний кызматкерлер;
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар.»
3)2.6. пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«2.6. Эгерде ал жалпыга маалымдоо кражатынын же интернет-басылманын мүчѳсү жана (же) уюштуруучусу, мамлекеттик же муниципалдык ишкананын, мекеменин, 30 пайыздан ашык мамлекеттик (муниципалдык) үлүшү бар мекеменин кызматкери болуп саналса, шайлоо комиссиясындагы ѳкүл ѳзүнүн кызмат орундук жана кызматтык абалынын артыкчылыгынан пайдаланууга укугу жок.»;
4) 2.8.3. пункттагы «токтолушу жана башка адамга өткөрүп берилиши мүмкүн» деген сѳздѳр «токтотулат жана башка адамга өткөрүп берилет» деген сѳздѳргѳ алмаштырылсын;
5) 3.1. пунктта:
- «Талапкерлер» деген сѳз «Талапкерлер, саясий партиялар экиден кѳп эмес» деген сѳздѳргѳ алмаштырылсын;
6) пункт 3.2. пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«3.2.Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмеси ар бир ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын, фамилиясын, аты-жөнүн, туулган датасын, паспортунун же анын ордун басуучу документинин сериясы менен номерин жана ал берилген датаны, жашаган жеринин дарегин, негизги ишинин же кызматынын ордун, ээлеген кызматын (негизги иштеген же кызмат кылган жери жок болгон учурда - ишинин түрүн), телефон номерин, ал эми талапкердин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл үчүн - каржы документтерине кол коюу укугун көрсөтүү менен тиешелүү шайлоо комиссиясына тапшырылат. Шайлоо комиссиясына тапшырылган көрсөтүлгөн тизмеде саналган ар бир адамдын көрсөтүлгөн иштерди жүзөгө ашырууга ошондой эле жазуу жүзүндөгү макулдугу тиркелет. Мында талапкер, саясий партия ыйгарым укуктуу өкүлдүн 21 берененин талаптарына ылайыктыгын тастыктайт жана берилген маалыматтар үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.».
7) 3.4 . пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«2.4. Төмөнкүлөр ыйгарым укуктуу өкүл боло алышпайт:
- Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары,
- Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер,
- саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган адамдар,
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар,
- шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү,
- судьялар,
- укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери,
- диний ишмерлер,
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар.»;
8) 3.6. пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 3.7.пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
3.7. Ыйгарым укуктуу өкүл:
1) талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берет;
2) каттоого документтерди кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону (маалымкатты) шайлоо комиссиясынан алат;
3) шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзөт, үгүт материалдарын таратат;
4) талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын берүүнүн тартибин аныктоодо шайлоо комиссиялары тарабынан жүргүзүлүүчү чүчү кулактарга катышууга укуктуу;
5) ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындаган талапкерге, саясий партияга тиешеси бар маселелер боюнча шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга укуктуу;
6) талапкердин, саясий партиянын тапшыруусу боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.»;
Талапкер, саясий партия аймактык шайлоо комиссиясына тиешелүү чечимдин көчүрмөсүн жиберүү менен ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын ар кандай убакта токтотууга укуктуу.
10) 3.8. пункттагы «аймактык шайлоо комиссиясына тиешелүү чечимдин көчүрмөсүн жиберүү менен» деген сѳздѳр «тийешелүү ыйгарым ѳкүлдү каттаган шайлоо комиссиясына бул тууралуу жазуу жүзүндѳ билдирүү менен» деген сѳздѳргѳ алмаштырылсын;
11) 3.10. пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«3.10. Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү депутаттыкка талапкердин, бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинде көрсөтүлгөн бардык талапкерлер талапкердин статусун жоготкон учурдан тартып, бирок шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн кечиктирилбестен аяктайт. Талапкердин, саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 20 календардык күндөн кийин аяктайт.»;
12) 4.1. пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«4.1. Талапкер, саясий партия ѳздѳрүнүн ишенимдүү адамдарын дайындоого укуктуу.
Талапкердин жазуу жүзүндѳгү арызынын, саясий партиянын сунуштамасынын жана ишенимдүү адам болууга макулдугун берген жарандын ѳзүнүн арызынын негизинде ишенимдүү адамдарды каттоо талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы тарабынан токтоосуз ишке ашырылат. Шайлоо комиссиясы ишенимдүү адамга Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүктү берет.»;
13) 4.2.пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«4.2. Ишенимдүү адамдарды каттоо талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы тарабынан талапкердин арызынын, саясий партиянын жазуу жүзүндөгү сунуштамасынын жана ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө жарандын өзүнүн арызынын негизинде жүзөгө ашырылат. Шайлоо комиссиясы ишенимдүү адамга Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берет.»;
14) 4.3. пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«2.4. Төмөнкүлөр ыйгарым укуктуу адам боло алышпайт:
- Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары,
- Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер,
- саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар,
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар,
- шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү,
- судьялар,
- укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери,
- диний ишмерлер,
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар.»;
15) 4.4. пункттагы «депутаттыкка талапкерлер жана/же саясий партия» деген сѳздѳр «талапкерлер, саясий партиялар» деген сѳздѳргѳ алмаштырылсын;
16) 4.7 пункттагы «Саясий партиялар, саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлер» деген сѳздѳр «Ишенимдүү адамдарды кѳрсѳтүшкѳн талдапкерлер, саясий партиялар» деген сѳздѳргѳ алмаштыроылсын;
17) 4.8. пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«4.8. Ишенимдүү адамдардын ыйгарым укуктары ушул жобонун 4.7 пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча же болбосо аларды катталган талапкер деп ыйгарым укук берген талапкерлерди көрсөткөн саясий партия, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия статусунан ажырашы менен бирге токтотулат.»;
18) 5.1 пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«5.1. Талапкер, талапкерлерди кѳрсѳткѳн саясий партия байкоочуларды дайындоого укуктуу, алар мыйзамдарда белгиленген тартипте шайлоого даярдык көрүүгө, добуш берүүнү жүргүзүүгө, добуштарды саноого, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун жыйынтыктарын аныктоого байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу.»;
19) 5.2. пунктта:
- экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөрү тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«Жолдомо талапкердин кол тамгасы же саясий партиянын мѳѳрү болгондо жана паспорту же аны алмаштырган документи болгондо анык деп эсептелинет.»;
20) 5.4. пукттун 17-пунктчасы тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«17) добуш берүүнүн жүрүшүнө, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга жолтоо болбостон, шайлоочулардын добуш берүүсүнүн купуялуулугун бузбастай, шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктаган жерден фото-, көрмө тартууну, үн жазууну жеке жүргүзүүгө.»;
21) 6.2. пункттагы «согушту үгүттөөгө;» деген сөздөрдөн кийин«жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу менен башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлери менен эл алдында иш-чараларларды ѳткѳрүүгѳ;»;
22) 6.6. пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«6.6. Өкүл шайлоо процессинин субъекттеринин (талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкер, саясий партия, шайлоо комиссияларындагы саясий партиялардын ѳкүлү) шайлоо укуктарын, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузган мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка субъекттеринин чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыз менен кайрылууга укуктуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык прокуратура органдарына, ички иштер органдарына, шайлоо комиссияларына же сотко кайрыла алат.
Шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган шайлоо комиссияларынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) жогору турган шайлоо комиссияларында, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) – сотто даттанылышы мүмкүн.».
2. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун актарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктѳлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 9-февралы
№ 36