18.06.2021 № 509 2021-жылы 14-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 14-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 26-майындагы №325 токтому менен дайындалган Нарын облусунун  Нарын районунун Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.  Сары-Ой  айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер –Боталиев Сүйүнбек Абдылдаевич, Кошалиев Бакытбек Сейтекович катталган. Талапкерлер Сары-Ой айылдык кеңештин депутаттарынан с6нушталган.                 Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Сары-Ой  айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, С.А. Боталиев - 0 добуш, Б.С. Кошалиев – 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.                               

   Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Кошалиев Бакытбек Сейтекович Сары-Ой  айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.                                          

   Нарын облусунун Нарын районунун Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.                                             2021-жылдын 14-июнундагы Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Нарын районунун 2021-жылы 14-июнунда өткөрүлгөн Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-июнундагы протоколдору бекитилсин.                                                                                                 

1.1. Нарын облусунун Нарын районунун Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.                                                                   

1.2. Кошалиев Бакытбек Сейтекович Нарын облусунун Нарын районунун Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.                                                                                                                

2. Нарын аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысына

белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.                 

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.                                                                 

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын  18-июну

№ 509