2013-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июлундагы № 110 токтомунун негизинде Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү. Шайланган Т. К. Айылчиевдин иш стажы кумөн жаратканына байланыштуу аны аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан 26-июль 2013-жылы № 41/ОД буйругунун негизинде Жумушчу топ тузулгөн.
Жумушчу топтун берген маалымкатына ылайык Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы боюнча протоколдорду бекитүү жана Т. К. Айылчиевди Бостери айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп тануу жөнүндө сунуш берилген.
Аталган аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун, жумушчу топтун маалымкатынын негизинде (тиркелет), «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 17-июлундагы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.1 Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.2 Айылчиев Тимур Кудайбердиевич Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган башчыcына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. Д. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 5-сентябры
№ 147