Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 28-январындагы “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодексти Кыргыз Республикасында колдонуу жөнүндө” № 130-V токтомунун негизинде жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 78-беренесинин 3-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (СДПК)” партиясынан шайлангандарынын тизмесинде №28 Иманкожоева Эркингүл Бекбачаевна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты деп катталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатыгына “Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (СДПК)” катталган Иманкожоева Эркингүл Бекбачаевнага күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылсын.
3. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш, 21-апрели 2011-жыл
№ 21