Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы № 204 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусундагы Нарын районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2012-жылдын 25-ноябрында өткөрүлдү.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы №154 токтомуна, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарын, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесиндеги 4-бөлүктү, 62-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын районунун Жан-Булак айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
2. Нарын районунун Жан-Булак айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
3. Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
4. Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
5. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына төмөнкү талапкерлер тиркемеге ылайык шайланган депутаттар деп эсептелсин.
Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 10-январы
№ 4