№440 Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагындагы №2277 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын №2277 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагындагы №2277 шайлоо участкасынын дареги, Маданият үйү имаратынан Т.Жоробаев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 11-сентябры
№ 440