Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 8-декабрындагы № 130 токтому менен дайындалган Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер, Кара-Суу районунун Төлөйкөн, Чүй облусунун Москва районунун Петровка, № 132 токтому менен дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2014-жылдын 26-декабрында өткөрүлдү.
Өзгөн, Кара-Суу, Москва, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2014-жылдын 26-декабрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
- Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
- Тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп эсептелсин (тиркелет).
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 29-декабры
№ 140
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2014-жылдын 29-декабрындагы
№ 140 токтомунун тиркемеси
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын тизмеси
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын шайланган башчысынын ФАЖ
|
Шайлоо өткөрүлгөн күнү |
|
|
Ош облусу Өзгөн району |
||||
|
1. |
Зергер |
Мурзаибраимов Нуржан Бектемирович |
26.12.2014-ж. |
|
|
Кара-Суу району |
||||
|
2. |
Төлөйкөн |
Абдукаримов Алмаз Абдылазович |
26.12.2014-ж. |
|
|
Чүй облусу Москва району |
||||
|
3. |
Петровка |
Астаров Данияр Бектурович |
26.12.2014-ж. |
|
|
Талас облусу Бакай-Ата району |
||||
|
4. |
Боо-Терек |
Кубанычбеков Абдыбаказ Советбекович |
26.12.2014-ж. |
|