2012-жылдын 28-апрелинде “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Каракол шаарларынын, Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрлерин шайлоолорун дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 60 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Каракол шаарларынын, Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрлерин шайлоо болуп өттү.
Балыкчы жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобонун 39-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Каракол шаарларынын мэрлерин шайлоо өттү деп таанылсын.
2. Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу, Балыкчы жана Каракол шаарларынын мэрлерин шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин.
3. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрлигине - Бообеков Мирлан Эсенович шайланды деп эсептелсин.
4. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэрлигине - Өмурканов Ишенбек Имангазиевич шайланды деп эсептелсин.
5. Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Каракол шаарларынын шайланган мэрлерине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 2-майы
№ 67