№124 2019-жылдын 23-августундагы өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2019-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-августундагы № 113 токтому менен дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколдорго ылайык Оро айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 2 талапкер - Казымов Мухамбет Жаныбекович жана Тойчубекова Зуракан Акыновна катталган. Алар жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.
Добуш берүүгө Оро айылдык кеңешинин 11 депутаты катышкан. Добуш берүүдө М.Ж. Казымов – 6 добуш, З.А. Тойчубекова – 5 добуш алган.
Шайлоонун натыйжасында М.Ж. Казымов Оро айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылган.
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Оро айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылыдын 23-августундагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү деп табылсын.
1.2. Казымов Мухамбет Жаныбекович Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы Оро айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 30-августу
№ 124