26.05.2021 №335 Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна, аймактык шайлоо комисиялардын резервдерине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2021-жылдын 26-майындагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) 2021-жылдын 12-майындагы кайрылуусунун негизинде, аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жергиликтүү кеңештердин жыйналыштарынын токтомдорунун, саясий партиялардын протоколдорунун негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каракол, Талас аймактык шайлоо комиссияларынын резервине 1-тиркемеге ылайык саясий партиялардын талапкерлери киргизилсин.

2. Аймактык шайлоо комисиялардын резервдерине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2021-жылдын 26-майындагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын талапкерлери 2-тиркемеге ылайык киргизилсин.

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.А. Конурбаевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 26 майы
№ 335