Чүй облусунун Москва районундагы N7279, N 7280 шайлоо участкаларынан келип түшкөн шайлоо документтерин текшерүүнүн натыйжасында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 31-беренеси - добуш берүү тартиби, 37-берене - шайлоонун натыйжаларын аныктоонун тартиби жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын №89 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштурууну жана анын тартиби жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө Жобонун» талаптарын одоно бузууга жол берилгендиги аныкталды, тактап айтканда №7280 участогу боюнча АСУнун протоколу (1446) менен кол менен эсептөөнүн протоколунун (1623) айырмасы 177 добушту түзөт. Бул участокто комиссия мүчөлөрү менен ГРСтин операторлору ИНН аркылуу кечки саат 20.00 4.10.15 баштап таңкы саат 02.15 5.10.15 ге чейин ГРСтин чектерин чыгарышып, шайлоонун жыйынтыгын бурмалашкан. Ошондуктан бул участоктун жыйынтыктоочу протоколундагы сандар менен АСУ берген жыйынтыктоочу протоколдогу сандар кыйла айырма болууда.
Ушундай одоно мыйзам бузуулар №7279 шайлоо участогунда да болгон. №7279 шайлоо участогунда АСУнун протоколу (1629) менен кол менен эсептөөнүн протоколунун (1629) айырма жок, бирок идентификациядан өткөн шайлоочулардын саны 1468ди түзүп, 161 шайлоочу идентификациядан өткөн эмес. Бул шайлоо участогунда дагы саат 20.00. 4.10.15ж кийин таңкы саат 06. 25 ге чейин ГРС чектерин ИНН аркылуу чыгарышып, шайлоо жыйынтыгы бурмаланган, мындай одоно мыйзам бузуулар шайлоо участкасында талапкерлердин тизмеси алган добуштардын санын так аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген добуш берүүнүн, добуштарды саноонун, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол түзүүнүн тартибин бузуулар шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын анык белгилөөгө мүмкүнчүлүк бербейт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 31-беренеси - добуш берүү тартиби, 37-беренеси шайлоонун натыйжаларын аныктоонун тартиби жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын №89 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштурууну жана анын тартиби жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө Жобонун» жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чүй облусунун Москва районундагы N 7279, N 7280 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын.
- Ушул токтом колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, мыйзам бузууларга жол берген адамдарга карата тийиштүү чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлсүн.
- Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ж. Акматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 14 октябрь 2015-жыл
№ 172
2015-жылдын 14-октябрында жарыяланды