2012-жылдын 21-апрелинде Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоо өткөрүлдү.
Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы
2012-жылдын 16-апрелиндеги № 1 чечими менен Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысынын кызматына талапкерлер
А. Насировду, Л. Муратованы каттаган жана көрсөтүүнүн жол-жобо ченемдерин кетирген бузууларынын кесепетинен А. Ташовду, А. Мурзаевди, Б. Жамшитовду, М. Тагаевди каттоодон баш тарткан. Аймактык шайлоо комиссиясынын бул чечими эч ким тарабынан сотко же Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына даттанылган эмес.
Андан соң, Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдарын бузуп, 2012-жылдын 18-апрелиндеги № 2 чечими менен жогоруда көрсөтүлгөн айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматына А. Ташовду, А. Мурзаевди, Б. Жамшитовду, М. Тагаевди кошумча түрдө каттаган.
Көрсөтүлгөн чечим иш жүзүндө 2012-жылдын 20-апрелинде саат 19.00дөн кийин, мындайча айтканда, 2012-жылдын 21-апрелинде өткөн шайлоого чейин бир күн калганда кабыл алынгандыгы аныкталган жана кийин тараптардын өтүнүчтөрүнөн жана кысымдарынан улам, Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы А. Момунов өткөн күн менен тариздеген.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесине, 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобонун 10-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 18-апрелинде дата коюлуп, бирок 2012-жылдын 20-апрелинде кабыл алынган № 3 чечими жараксыз деп таанылсын.
2. Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоо Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузууга жол берилгендигинен өткөн жок деп таанылсын.
3. Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан комиссиянын мүчөсү Момунов Абдижапар Абдилазизович (комиссиянын катчысы) өз ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө берген арызына ылайык чыгарылсын.
4. Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо мыйзамдарына жана 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобого (2012-жылдын 25-апрелиндеги № 65 редакциясында) ылайык мурда катталган талапкерлердин да катышуусу менен өткөрүлсүн.
5. Бул токтом Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысына – акимине жиберилсин жана ал тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучусу болуп мурда дайындалган, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучуга жаңы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруу жөнүндө маселени өзүнүн контролдугуна алуусу сунушталсын.
6. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматына А. Ташевдин мыйзамсыз киришүү маселесин кошо алганда Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча шайлоо мыйзамдарынын бузулушу менен байланышкан материалдарды жиберсин.
7. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 25-майы
№ 78