17.06.2021№ 489 2021-жылы 12, 13-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун Арал, Кууганды жана Осмонкулов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 12, 13-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун Арал, Кууганды жана Осмонкулов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 12, 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын                          25-майындагы № 313 токтому менен дайындалган Талас облусунун Талас районунун Арал, Кууганды жана Осмонкулов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Апышов Бактыбек Рыспаевич, Көчөрбаев Айбек Тынчтыкбекович - Арал айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Арал айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, Б.Р. Апышовго – 5 добуш, А.Т. Көчөрбаевге – 6 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Көчөрбаев Айбек Тынчтыкбекович Арал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Молдокулов Бактыбек Суранович, Жолдошов Адилет Айдарбекович - Кууганды айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Кууганды айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, Б.С. Молдокуловго – 6 добуш,                                       А.А. Жолдошовго – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Молдокулов Бактыбек Суранович Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Осмонкулов айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Токоналиев Бектур Доктурбекович, Өзүбеков Жүзүр Жылкычиевич - Осмонкулов айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 13-июнундагы протоколу менен Осмонкулов айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, Б.Д. Токоналиевге – 5 добуш,   Ж.Ж. Өзүбековго – 6 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 13-июнундагы протоколу менен Өзүбеков Жүзүр Жылкычиевич Осмонкулов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Талас облусунун Талас районунун Арал, Кууганды жана Осмонкулов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 12, 13-июнундагы Талас аймактык шайлоо комиссиясынын Арал, Кууганды жана Осмонкулов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Талас облусунун Талас районунун 2021-жылдын 12-июнунда өткөрүлгөн Арал жана Кууганды айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылы 13-июнунда өткөрүлгөн Осмонкулов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12, 13-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Талас облусунун Талас районунун Арал, Кууганды жана Осмонкулов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Көчөрбаев Айбек Тынчтыкбекович Талас облусунун Талас районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Молдокулов Бактыбек Суранович Талас облусунун Талас районунун Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Өзүбеков Жүзүр Жылкычиевич Талас облусунун Талас районунун Осмонкулов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Талас аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Арал, Кууганды жана Осмонкулов айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА   

 

 Бишкек ш., 2021-жылдын 17-июну

489                                                                                                           

Бишкек ш., 2021-жылдын 11-июну

№ 400