31.12.2020 №529 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тагаев Рашид Бакирович каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-декабрындагы № 449 токтому менен Р.Б. Тагаев Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп катталган.
2020-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.Б. Тагаев өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз келип түшкөн.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 53-беренесинин 6-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тагаев Рашид Бакировичтин каттоосу жокко чыгарылсын.
2. Р.Б. Тагаевга берилген Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин күбөлүгү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
3. Р.Б. Тагаевдин шайлоо жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын ыйгарым укуктары, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, токтотулсун.
4. Р.Б. Тагаевдин шайлоо жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын каттоо ырастамалары, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп табылсын.
5. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 31-декабры
№ 529