Тил боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 51 – беренесинин 1- бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 – беренесинин 1- бөлүгүнүн 2 – пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин төмөндөгүлөрү мамлекеттик тилди билет деп таанылсын:
- Турсунбай Бакир уулу;
- Дыйканов Салморбек Карбозович.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге ушул токтомдун көчүрмөсү берилсин.
3. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген документтерди кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А. Акматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011 – жылдын 23 – сентябры
№ 287