30.04.2021 №185 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы  менен дайындалган Баткен облусунун  Баткен районунун Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

 «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын  2021-жылдын 23-апрелиндеги Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Баткен аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Баткен аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 30-апрели

№ 185№ 130