09.06.2021 № 378 2021-жылы 5-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата жана Кара-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 5-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата жана Кара-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 227 токтому менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата жана Кара-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Жунусов Нурланбек Эркинович, Эшполотов Мухаммед Эшполотович,  Каримова Шайыргүл Баймурзаевна катталган. Талапкерлер Кыргыз-Ата айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Кыргыз-Ата айылдык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, Н. Э. Жунусов - 10 добуш, М.Э. Эшполотов – 21 добуш,  Ш.Б. Каримова – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Эшполотов Мухаммед Эшполотович Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Кааров Батырбек Дыйканбаевич, Пратов Жаңылбек Калыкович, Джунусова Айпери Абибиллаевна катталган. Талапкерлер Кара-Таш айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен  Кара-Таш айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, Б.Д. Кааров - 19 добуш, Ж.К. Пратов – 2 добуш,  А.А. Джунусова – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Кааров Батырбек Дыйканбаевич Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата жана Кара-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 5-июнундагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын Кыргыз-Ата жана Кара-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  2021-жылы 5-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата жана Кара-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 5-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата жана Кара-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Эшполотов Мухаммед Эшполотович Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Кааров Батырбек Дыйканбаевич Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз-Ата жана Кара-Таш айыл өкмөттөрүнүн шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                                             

Бишкек ш., 2021-жылдын 9-июну

№ 378