17.06.2021 № 478 2021-жылы 9 жана 10-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш, Ленин жана Сузак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 9 жана 10-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш, Ленин жана Сузак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 9 и 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын                         21-майындагы № 267 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун  Сузак районунун Багыш, Ленин жана Сузак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Маматов Жыргалбек Темирбекович, Шергазиев Рахман катталган. Талапкерлер Багыш айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Багыш айылдык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, Ж. Маматовго – 16 добуш, Р. Шергазиевге – 14 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Маматов Жыргалбек Темирбекович Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ленин айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Жолдошев Эркинбай Манапбаевич, Мурзаканов Чолпонбек Исмаилович, Султаналиев Абдыкадыр Жуманазарович, Адылбек уулу Бакытбек катталган. Талапкерлер Ленин айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Ленин айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, Э. Жолдошевге – 4 добуш, Ч. Мурзакановго – 15 добуш, А. Султаналиевге – 1 добуш, Адылбек уулу Бакытбек – 1 добуш бюллетени белгиленген.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Мурзаканов Чолпонбек Исмаилович Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Сузак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 5 талапкер – Джанбаев Замирбек Азимжанович, Сарыев Адылбек Аширбекович, Нышанов Рустам Айтбекович, Абдурашидов Бекзад Абдурашидович, Хакимов Жахонгир Абдумуталипович катталган. Талапкерлер З. Джанбаев, А. Сарыев - Сузак райондук мамлекеттик администрациянын башчысынан,  Р. Нышанов,Б. Абдурашидов, Ж. Хакимов - Сузак айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Сузак айылдык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, 1 турда: З. Джанбаевге – 6 добуш,  А. Сарыевге – 6 добуш, Р. Нышановго – 2 добуш, Б. Абдурашидовго – 13 добуш, Ж. Хакимовго – 3 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш;  2 турда: Б. Абдурашидовго – 22 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 5 добуш берилгендиги, 4 жараксыз бюллетени белгиленген.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Абдурашидов Бекзад Абдурашидович Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш, Ленин жана Сузак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 9 и 10-июнундагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын Багыш, Ленин жана Сузак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                   29-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Багыш жана Ленин айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Сузак айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9 жана 10-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш, Ленин жана Сузак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Маматов Жыргалбек Темирбекович Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Мурзаканов Чолпонбек Исмаилович Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Абдурашидов Бекзад Абдурашидович Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Сузак аймактык шайлоо комиссиясы Багыш, Ленин жана Сузак айыл өкмөттөрүнүн шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 17-июну

№ 478