17.08.20ж. №168 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун, Чүй облусунун Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунун кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун, Чүй облусунун Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунун кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Базар-Коргон, Ысык-Ата жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө кайрылууларынын негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун төмөнкү шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлсүн:
- Кеӊеш айыл аймагындагы №2141 шайлоо участкасы, Совет айылындагы Достук көчөсү, 93 дарегиндеги балдар бакчасынын имаратынан Совет айылындагы Абдраимов көчөсү, 70 дарегиндеги спорттук залдын имаратына өзгөртүлсүн;
- Бешик-Жон айыл аймагындагы № 2042 шайлоо участкасы, Баймундуз айылындагы К. Насирдинбеков көчөсү, 4 дарегиндеги маданият үйүнүн имаратынан Баймундуз айылындагы К. Кайназаров көчөсү, 5 дарегиндеги
№22 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
2. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы төмөнкү шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлсүн:
- № 7119 шайлоо участкасы, Буслаев көчөсү, 1 дарегиндеги Кант типографиясындагы имаратынан Пушкин көчөсү, 53 дарегиндеги № 3 орто мектебиндеги имаратына өзгөртүлсүн;
- № 7123 шайлоо участкасы, 3-микрорайонундагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунун имаратынан 3-микрорайонундагы Спорттук комплексиндеги имаратына өзгөртүлсүн.
3. Чүй облусунун Аламүдүн районунун төмөнкү шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлсүн:
- № 7413 Васильевка айылындагы Фрунзе көчөсү, 117 дарегиндеги ҮБДТнун имаратынан Клубный чолок көчөсү, 2 дарегиндеги «Солнышко» МЧББУнун имаратына өзгөртүлсүн;
- № 7160 Пригородный айылындагы Дорожная көчөсү, 50 дарегиндеги «Энесай» ЛТД ЖЧКнын имаратынан Дорожная көчөсү, 52б дарегиндеги «Улук-Транс» ЖАКнун имаратына өзгөртүлсүн.
4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөрүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 17-августу
№ 168