11.06.2021-ж. № 419 Нарын облусунунАк-Талаа районунун Кош-Дөбө, Жумгал районунун Чоң-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

2021-жылдын10-июнуна дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо, катталган талапкерлер айылдык кеңештин депутаттарынын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган.

2021-жылдын 10-июнуна дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо,депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» позициясына берилгендигине байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18- беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы№3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2021-жылдын 25-июнуна дайындалсын жана саат 9-00 дөн 12-00 гө чейин өткөрүлсүн.

2. Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2021-жылдын25-июнуна дайындалсын жана саат 09-00 дөн12-00гө чейин өткөрүлсүн.

3.Ак-Талаа жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы№244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

4.Бул токтом«Эркин-Тоо»газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкекш.,2021-жылдын11-июну

№419