16.11.2020 №329 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абакиров Эльдар Курманбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер Э.К. Абакировдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2020-жылдын 15-ноябрында кир. № 01-06/3324 түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К. Абакировдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Эшенов Элчибек Акматбекович катталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К. Абакировдун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Маматалиева Мунара Даниярбековна катталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К. Абакировдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 16-ноябры
№ 329