№21 2018-жылдын 28-январында өткөрүлгөн Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
2018-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 12-декабрындагы № 13 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.
Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31ди түзөт. Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү шайлоо округу жана 17 шайлоо участок түзүлгөн. Кара-Балта шаардык кенешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн 8 саясий партия катталды, алардын ичинен төмөнкү 4 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан: “КСДП”-33,33% (12 мандат), ЭлАман” – 21,08% (7 мандат); “Мекеним Кыргызстан” – 19,95% (7 мандат); “Элдик-Народная” – 15,8% (5 мандат). Шайлоочулардын саны 24379ду түзүп, анын ичинен 14722 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 60,39 % түзөт.
Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 56-1-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 30-январындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына жана Кара-Балта шаардык кеңешине жиберилсин.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 6 - февралы
№ 21