№62 2018-жылдын 13-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

Шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары боюнча  Токтогул, Сузак, Ат-Башы жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери менен берилген сунуштарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын   7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4,5-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  11-беренесинин 3-бөлүгүнө жана “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 12-мартындагы ПЖ №55 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-жылдын   13-майына   дайындалган   Кыргыз   Республикасынын Жалал-Абад,     Нарын    жана     Ош    облустарынын     айрым    жергиликтүү кеңештеринин   депутаттарын    шайлоо    боюнча   шайлоо   участкаларынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына  жана  Кыргыз  Республикасынын Шайлоо   жана   референдум   өткөрүү   боюнча   борбордук   комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.


ТӨРАГА                                   Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2018-жылдын 24-марты, 
№ 62