“Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын ишмердиги жөнүндө” БШКнын 2012-жылдын 2-февралындагы № 27 токтомунун негизинде, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1, 2, 4, 6, 15-бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 4-5-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясы төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
а) саясий партиялардын өкүлдөрүнөн:
- Сарбаева Майрамкүл Жаналиевна – “Улуу Биримдик” Улуттук-демократиялык партиясынан;
- Чынгышев Шакен Кадышевич – “Кыргызстандын коммунисттери партиясы” саясий партиясынан;
- Сагынаева Гуляйхан Сагынаевна – “За народ” (“Эл үчүн”) саясий партиясынан;
- Иманалиев Мирлан Тургунбаевич – “Ата-Мекен ” саясий Социалисттик партиясынан;
- Сарыбаева Айгүл Сапаралиевна – “Ата-Журт” саясий партиясынан;
- Отомбаева Майрамкүл Калыбаевна – “Каганат” саясий партиясынан.
б) жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн: Карыбаев Искандер Тулешович, Мамытова Динара Социаловна, Ахметова Күлбүбү Зайнудиновна, Огурлуева Любовь Башировна, Галиев Алмасбек Мукашевич.
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага Т.Абдраимов
Бишкек ш., 2012-жылдын 7-февралы
№ 29