01.04.2021 №98 2021-жылдын 26-мартында өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 12-мартындагы №56 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Баткен  районунун Ак-Сай   айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Сабиров Алимбек Ибрахимович катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Баткен  аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 26-мартындагы протоколу менен Ак-Сай айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 19 депутаты катышып, А.И. Сабиров - 18 добуш алганы, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 26-мартындагы протоколу менен Сабиров Алимбек Ибрахимович Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Баткен облусунун Баткен  районунун Ак-Сай  айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу 2021-жылдын 26-мартындагы протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 26-мартында өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен  районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 26-мартындагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Сабиров Алимбек Ибрахимович Баткен облусунун Баткен  районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Баткен аймактык шайлоо комиссиясы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                               Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 1-апрели

№ 98