05.01.2021 №9 Ысык-Ата, Нарын жана Ат-Бышы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ысык-Ата, Нарын жана Ат-Бышы аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын курамдарынан жана резервдеринен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- «Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кульбеда Александр Викторович, «Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Мамкулов Токтобек Эрнисович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ранат уулу Мирбек, Касымалиев Иса Мырзабекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- «Жаны-Доор» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Бектурганов Улук-Бек Бектурсунович, «Нур» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Джолдошалиева Айгуль Ишенбаевна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Дикамбаев Тимур Мэлсович, Масеитов Нурлан Медетканович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- «Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Токтомуш уулу Канатбек, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Калдашева Динара Рыспаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сатыбекова Айзада Абдыбековна, Мамбетакунова Гулай Бекболотовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Нарын облусунун Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- «Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Такырова Жыпаркул Кыдырмамбетовна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жумагулова Пери Жумагуловна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 5-январы

№ 9