04.11.2019. №156 2019-жылы 29-октябрда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2019-жылы 29-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 10-октябрындагы №148 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Саруу айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 3 талапкер – Искаков Нурлан Табалдиевич, Ургазиев Бактияр Аскерович жана Нурбек уулу Алишер катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.

Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2019-жылдын 29-октябрындагы протоколу менен добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген. Добуш берүүгө Саруу айылдык кеңешинин 21 депутаты толугу менен катышып, биринчи турда Н.Т. Искаков – 9 добуш, Б.А. Ургазиев - 5 добуш, Нурбек уулу А. –7 добуш алышкан. Экинчи турда Н.Т. Искаков – 13 добуш, Нурбек уулу А.– 7 добуш алган, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилген.

Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2019-жылдын 29-октябрындагы протоколу менен Н.Т. Искаков Саруу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылы 29-октябрда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Искаков Нурлан Табалдиевич Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы Саруу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2019-жылдын 4-ноябры
№156