26.04.2021 №143 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май, Ак-Коргон, Ак-Там, Ала-Бука, Көк-Серек, Көк-Таш, Өрүктү жана Т.Балтагулов айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ала-Бука аймактык ш

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май, Ак-Коргон, Ак-Там, Ала-Бука, Көк-Серек, Көк-Таш, Өрүктү жана Т.Балтагулов айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган        Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май, Ак-Коргон, Ак-Там, Ала-Бука, Көк-Серек, Көк-Таш, Өрүктү жана Т.Балтагулов айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясына 1 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, ал боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынды.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1,        62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 15-апрелиндеги:

- 1-Май айылдык кеңешинин;

- Ак-Коргон айылдык кеңешинин;

- Ак-Там айылдык кеңешинин;

- Ала-Бука айылдык кеңешинин;

- Көк-Серек айылдык кеңешинин;

- Көк-Таш айылдык кеңешинин;

- Өрүктү айылдык кеңешинин;

- Т.Балтагулов айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

          ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 26-апрели

№ 143