№48 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кээ бир жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Шайлоо комиссиялардын резервдерин түзүү жана жүргүзүү тартибин жөнгө салган “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө”, “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө”  Жоболордун ченемдерин тактоо максатында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,19-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1)“Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү шарттары жана тартиби” экинчи главасы төмөнкү мазмундагы 1-1 бөлүк менен толукталсын:
“Тиешелүү шайлоо комиссияларынын резервине шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттеринен терс негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдар киргизилбейт.  Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн адамдардын маалымат базасын, анын ичинен аймактык шайлоо комиссиялардын сунуштамалары боюнча жүргүзөт”.
Терс негиз катары төмөнкүлөрдү түшүнүүгө зарыл:
1)Кыргыз Республикасынын шайлоо, административдик жана жазык мыйзамдарын бузуу;
2)жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу;
3)“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык шайлоо комиссияларынын ишинин принциптерин бузуу;
4)жалпы кабыл алынган моралдын жана этиканын ченемдерин бузуу;
5)“Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө”  Жобонун IV бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык таркатылган комиссиядагы мүчөлүгү.”
2)“Шайлоо комиссияларынын резервине катышуучулардын кесиптик жана инсандык сапаттарынын көрсөткүчтөрүнүн болжолдуу тизмеги” №1 тиркемеси төмөнкү мазмундагы 12,13-бөлүктөр менен толукталсын:
12.“Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссиясында иштөө тажрыйбасы (жактырылат);
13.Жогорку, орто атайын билими бар болушу (жактырылат)”.
2.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуунун тартиби жөнүндө” Жобосуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) “Шайлоо комиссияларын түзүү шарттары жана тартиби” экинчи главасы төмөнкү мазмундагы 4-1 бөлүк менен толукталсын:
“4-1. Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын курамынан терс негиздер боюнча жогору турган шайлоо комиссиясы тарабынан чыгарылган адамдар тиешелүү шайлоо комиссиясынын резервинен чыгарылган болуп эсептелет”.
3.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 13 - марты
№  48