08.01.2021 №19 2021-жылдын 4-январында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылдын 4-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары -  КР БШК) 2020-жылдын 21-декабрындагы № 486 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.

Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Искаков Урмат Ракымжанович Светлая Поляна айылдык кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлүп, Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан катталды.

Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-январындагы протоколу менен Светлая Поляна айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 10 депутаты  катышып, У.Р. Искаков - 10 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-январындагы протоколу менен Искаков Урмат Ракымжанович Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 4-январындагы Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.2021-жылдын 4-январында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-январындагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Искаков Урмат Ракымжанович Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                          А. БЕКМАТОВ

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 8-январы

№ 19