28.04.2021 №153 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

  • шаардык кеңешинде мандаттардын саны 21 түзөт. шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 4 шайлоо участок түзүлгөн. шаардык кенешинин депутаттарын шайлоого катышуу учун 7 саясий партия катталды, баардык 7 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан: «Бирге-Вместе» - 19,51% (4 мандат); «Социал-демократы» - 17,50% (4 мандат); «Табылга» - 10.39% (2 мандат); «Ата Мекен» - 9,85% (2 мандат); «Ата-Журт» - 11,17% (3 мандат); «Улуу Кыргызстан» - 19,74% (4 мандат); «Чоң казат» - 7,77% (2 мандат). Шайлоочулардын саны 7729 түзүп, анын ичинен 2588 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 33,48% түзөт.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык 4 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 24-апрелиндеги протоколдорунун негизинде Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган. Добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө жана шайлоонун жыйынтыгы, шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

6, 7-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 40, 51, 56-1-беренелеринин негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 24-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).
  2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясына жана Чолпон-Ата шаардык кеңешине жиберилсин.
  4. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
  5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

                  ТӨРАГА                                                         Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш, 2021-жылдын 28-апрели,

№ 153