Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы №204 Жарлыгы менен 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген каражаттарды максаттуу чыгымдоосуна контролду жүзөгө ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,12-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары-Борбордук шайлоо комиссиясы) 2012-жылдын 31-январындагы № 19 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү тобу жөнүндө” Жобого ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Т. Асаналиев контролдук-текшерүү тобунун жетекчисинин милдеттеринен, ага жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежесин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топтун жетекчисинин милдеттери жүктөлгөндүгүнө байланыштуу, бошотулсун.
2. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ж.А. Акматов Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси болуп дайындалсын.
3. Контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси “Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу контролдук-текшерүү тобу жөнүндө” Жобого ылайык Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу контролдук-текшерүү тобунун курамы боюнча сунуштарды киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 10-октябры
№118