29.08.20 № 188 2020-жылы 25-августта өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылы 25-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 6-августундагы № 155 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер –Алакунов Нурбек Үмөтович катталган, талапкер жергиликтүү кеңешинин депуттарынан сунушталган.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 25-августундагы протоколу менен Талды-Суу айылдык кеңешиндеги 11 депутат катышып, Алакунов Н.Ү. 11 добуш алгандыгы белгиленген.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 25-августундагы протоколу менен Алакунов Нурбек Үмөтович Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылы 25-августта өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Алакунов Нурбек Үмөтович Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 29-августу
№ 188