14.05.2021 №197 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З. К. Рысалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

З. К. Рысалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 10-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 5-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 9-пункттарына, 2-бөлүгүнө ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Республика-Ата Журт» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Рысалиев Зарылбек Кылычбекович ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Рысалиев Зарылбек Кылычбековичтин күбөлүгү анык эмес деп табылсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 14-майы
№ 197