№56 Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон, Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Чүй облусунун Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 18-апрелиндеги №54-т буйругу менен Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Нурдинов Азиз Абикович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 26-апрелиндеги №90-б буйругу менен Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Исмаилов Эрматбек Бакирович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 30-апрелиндеги №29 буйругу менен Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы Эшмамбетов Руслан Төлөнович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй облусунун Чүй районунун Кош-Коргон, Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 22-майына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2.Чүй, Кара-Суу жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3.Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 3-майы
№56