Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 7-сентябрындагы №214 токтому менен “Айкөл Эл” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 120 сандагы талапкерлердин тизмеси катталган.
2010-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына “Айкөл Эл” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына айрым талапкерлерди чыгаруу жөнүндө “Айкөл Эл” саясий партиясынын Саясий кеңешинен 2010- жылдын 8- сентябрындагы №3 токтому келип түшкөн.
“Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1- пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Айкөл Эл” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Жанибеков Бахтиержон, Жеңишбекова Гүлмира, Моминов Шавкат Турсунович, Сулайманов Жеңишбек Сүйүнбаевич чыгарылсын.
2. 2010-жылдын 7-сентябрында Айкөл Эл” саясий партиясынан катталган талапкерлердин №№65,77,89,120 күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын
3. Бул токтом “Айкөл Эл” саясий партиясына маалымдалсын.
ТӨРАГА А.САРИЕВ
Бишкек ш., 2010- жылдын 12-сентябры
№235