09.12.2020 №424 Ормуков Темирлан Иниятовичтин арызы жөнүндө

2020-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Т.И. Ормуковдон Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арызы келип түшкөн.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, Президенттин кызмат ордуна талапкер кайсыл убакта болбосун, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу.

 Ормуков Темирлан Иниятовичтин арызынын негизинде жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө Т.И. Ормуковдун арызы канааттандырылсын жана документтери кайтарылып берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ормуков Темрлан Иниятовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө» 2020-жылдын 19-ноябрындагы №362 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Чонтоев Саламат Орозбаевичке берилген №79 жана Босумбаев Урматбек Калыбековичке берилген №80 каттоо ырастамалары анык эмес деп табылсын.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                    А.БЕКМАТОВ  

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 9-декабры

№ 424