“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жана № 424 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо тиркемеге ылайык дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүү графиги тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары М.И. Аргымбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2016-жылдын 1 - июну
№ 105
Кыргыз Республикасынын Шайлоо
жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2016-жылдын 1- июнундагы № 105
токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын
башчыларын шайлоону өткөрүү графиги
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аталышы |
Шайлоону өткөрүү датасы жана убактысы |
|
Ош облусу Өзгөн району |
||
|
1 |
Алтын-Булак |
2016-жылдын 20-июну, саат 9-00дөн 12-00гө чейин |
|
2 |
Мырза-Аке |
2016-жылдын 20-июну, саат 14-00дөн 18-00гө чейин |
|
Араван району |
|
|
|
3 |
Нурабад |
2016-жылдын 20-июну, саат 9-00дөн 12-00гө чейин |
|
4 |
Тепе-Коргон |
2016-жылдын 20-июну, саат 14-00дөн 18-00гө чейин |
|
Нарын облусу |
||
|
Жумгал району |
|
|
|
5 |
Чоң-Дөбө |
2016-жылдын 20-июну, саат 9-00дөн 12-00гө чейин |
|
Ысык-Көл облусу Ысык-Көл району |
||
|
6 |
Кумбел |
2016-жылдын 20-июну, саат 9-00дөн 12-00гө чейин |
Кайра шайлоо
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аталышы |
Шайлоону өткөрүү датасы жана убактысы |
Эскертүү |
|
Чүй облусу |
|||
|
1 |
Токмок шаары |
2016-жылдын 15-июну, саат 9-00дөн 12-00гө чейин |
мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен |